И.Арабаев атындагы КМУ

Жаштарды тарбиялоодо Айтматовдун чыгармаларынын ролу

    2018-жылдын 18-май күнү университеттин башкы корпусунда «Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү» КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институту КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен биргеликте өткөргөн «Жаштарды тарбиялоодо Айтматовдун чыгармаларынын ролу» аттуу форум болуп өттү.

Адегенде, форумдун башталышында Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөт көргөзмөсү көрсөтүлдү.

Иш-чарага КРнын Өкмөтүнүн, КРнын Билим жана илим министрлигинин өкүлдөрү, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, илимпоз-окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары жана башкалар катышты.

Уюштуруучулардын айтуусуна караганда, форумдун негизги максаты – заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын элдин калың катмарына жайылтуу жана анын тематикаларынын көп кырдуулугунун аркасында жаштарды ыймандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакыруу болуп саналат.

Иш-чараны И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов баштап берди жана Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошева, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Ташиев, белгилүү коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев, академик Абдылдажан Акматалиев, КР Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, Лингвистика факультетинин деканы Сыртбай Мусаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурманбетовдор куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Алыскы Түркия мамлекетинен келген конок Гази университетинин профессору, доктор Женгел Хуля Касапоглу Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгы кыргыз элинин гана эмес, бүтүндөй түрк тилдүү элдердин майрамы экенин айтты. «Менин улутум кыргыз болбосо да, иш-чара улуу жазуучунун мекенинде өтүп жаткандыктан, меймандарды, элди, жерди сыйлап, кыргыз тилинде баяндама жасайын» – деп, кыргыз тилинде Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп берди.

Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын окуучулары Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Жамийла» повесттеринин негизинде сценкаларды коюп, баш каармандардын ролун ачып беришти.

КРнын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов «Ч.Айтматов – ааламдык жазуучу», И. Арабаев атындагы КМУнун профессору Илимкан Лайлиева «Айтматовдун чыгармачылыгы жана орус классикалык адабият», Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору Мехмет Айдын «Ч.Айтматовдун акыркы чыгармасындагы окуялар өткөн чыныгы жер, же ойдон чыгарылган жер маселеси» аттуу докладдары менен чыгышты.

Катышуучулар жазуучуну эскерип, куран түшүрүп, гүл чамбар коюу үчүн жаткан жери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты.

Андан соң төмөндөгүдөй багыттар боюнча секциялык иштер улантылды:

  1. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы ыйман, адеп маселесинин лингвистикалык аспектиде каралышы;
  2. Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы тарбия, маданият маселелеринин көркөм адабиятта изилдениши;
  3. Ч. Айтматовдун чыгармаларын окутууда маданияттуулукка тарбиялоонун педагогикалык аспектиси;
  4. Ч.Айтматовдун чыгармалары Кыргыз киносунун калыптаныш жолу катары ж.б.

Форумга активдүү катышкандарга жана мыкты иштерге Кыргызпатенттин дипломдору, сертификаттары тапшырылды.

Форумдун жүрүшүндө, жазуучуну эскерүү үчүн алыскы мамлекеттеринен келген конокторго, уюштуруучуларга жана катышуучуларга жазуучунун карындашы Р.Айтматова ыраазычылыгын билдирди жана агасынын мындай даражага жетишине, анын ата-энесинин салымы зор экенин баса белгиледи.