УЛУУ СЫНООНУН УЛУУ ЖЕҢИШИ

    И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилиги Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата ардагерлерге сый тамак уюштурду.

Сый тамакка 10дон ашык ардагер келип, аларды Окуу иштер боюнча проректор Т.Коңурбаев, Профсоюз комитетинин башчысы Э.Бектуров, Окуу бөлүмүнүн башчысы О.Капалбаев, Мамлекеттик тил боюнча проректор М.Оңолбаевдер тосуп алышты.

Проректор Т.Коңурбаев ректор Т.Абдырахмановдун куттуктоо сөзүн окуду жана тылда эмгектенген, университетте билим берген ардагерлерибизге өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Сый тамактан тышкары университеттин Профсоюз комитетинин башчысы Э.Бектуров  ардагерлерге акчалай сыйлык берди.