Корей тили багытында билим алып жаткан студенттер кореялык «Корейинком” уюмунун стипендиясы менен сыйланышты

    2018-жылдын 25-майында И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин Корей тили багытында билим алып жаткан 16 студент (1-курс – 6, студент 2-курс – 6 студент, 3-курс – 2 студент, 4-курс – 2 студент) кореялык «Корейинком” (мечта корейцев) уюму тарабынан берилген 50$ өлчөмүндө стипендия менен сыйланышты.

Стипендияны Бишкек Седжонг борборунун жетекчилиги тапшырды. Ошондой эле аталган кафедранын башчысы Гулина Акунова окуудагы ийгилик жараткан студенттерге талыкпаган мээнет жана тынымсыз эмгек каалады.