Устаттыктын улуу уңгусу

      И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети КРнын Президентинин “2018-жылды – Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген Жарлыгынын алкагында химия илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги,  КРнын жана Эл аралык инженердик академиясынын академиги, Музубраимов Бектемир Мурзубраимовичтин илимий-педагогикалык жана коомдук-саясий ишмердигин келечек муунга жайылтуу максатында “Устаттыктын улуу уңгусу” аттуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу 24-майда башкы имараттын жыйындар залында өтүп, ага белгилүү коомдук жана маданий ишмерлер катышты.

Ректор Т.Абдырахманов жолугушууну ачып, Б.Мурзубраимовтун илимий-педагогикалык, коомдук жана саясий ишмердигине кеңири токтолду.

Б.Мурзубраимовичтин кыргыз эли үчүн жасаган ишмердүүлүгүн чагылдырган тасма көрсөтүлүп, андан соң илимий баяндамаларга орун берилди.

КМУнун Окуу иштер боюнча проректору, профессордун м.а. Т.А.Конурбаев “Бектемир Мурзубраимов – таланттуу окумуштуу – педагог, демилгечил саясий ишмер жана кеменгер аксакал”, С.Байгазиев. ф.и.д., профессор “Мугалим–мөмөлүү дарак”, К.Молдокасымов т.и.к., “Ысырапкорчулуктан бакубат жашоого” деген аталыштагы илимий баяндамаларды окушту. Ал эми жарыш сөздөр боюнча С.Ибраимов ф.и.д., профессор, М.Тагаев ф.и.д., профессор, А.Сатывалдиев профессор, Т.Кененсариев т.и.д., профессор, А.Алимбеков п.и.д., профессор ж.б. чыгышты.

Белгилүү илимпоз-тарыхчы К.Молдокасымов окумуштуу тууралуу буларга токтолду.

“Б.Мурзубраимович Ош мамлекеттик университетте жетекчилик кызматты аркалап жатканда, бул окуу жайдын материалдык-техникалык базасын бир топ жакшырткан. Ысырапкорчулукка жол бербестен, ал каражатка университеттин имаратын салып, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп келген”, – деди К.Молдокасымов.

Жолугушуунун жүрүшүндө академик-окумуштуунун жарык көргөн эмгектери жана макалаларынын көргөзмөсү көрсөтүлдү.