Студенттердин бүтүрүү кечелери өтүүдө

     19-майдан 26-майга чейин университеттин башкы имаратында студенттердин бүтүрүү кечелери болуп өттү.

Экономика жана менеджмент институту, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер, География, экология жана туризм, Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү, Биология жана химия факультеттери бүтүрүү кечелерин өткөрүштү.

Кечеге ар бир түзүмдөрдүн жетекчилери катышып, алар университетти аяктап жаткан студенттерге жашоодогу зор ийгиликтерди каалашты жана окууда, коомдук, маданий иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерди Ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйлашты.

Университеттин таланттуу, чыгармачыл студенттери бүтүрүүчүлөргө концерттик программаларды тартуулап, аларга «Ак жол» каалашты.

Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, физика илимдеринин кандидаты, доцент Ж.Бексултанов өзүнүн төмөндөгү каалоосун билдирди. «Урматтуу студенттер! Мына, бүгүн сиздер университетти аяктап, өз турмуш жолуңуздарга аттанып жатасыздар.

Төрт жыл университеттин алдыңкы, үлгүлүү окутуучуларынан билим, тарбия алып, эми аларды өз турмушуңуздарда колдонууга убакыт келди. Келечекте сиздер республиканын ар кайсы тармактарында үзүрлүү эмгектенип, биз сыймыктанган уул-кыздардан болушуңуздарга тилектешпиз», – деди Ж.Бексултанов.

Ошондой эле ар бир факультеттин алдыңкы студенттери окутуучуларга ыраазычылыгын билдиришти.