И.Арабаев атындагы КМУ

Кызыктуу көңүл, студенттик өмүр

   Университеттин студенттик жатаканасында Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти Нурсултан Кадырбеков уюштурган «Кызыктуу көңүл, студенттик өмүр» аттуу бүтүрүүчүлөрдү узатуу иш-чарасын өткөрдү.

Н.Кадырбековдун айтуусуна караганда, иш-чаранын негизги максаты – жатаканада жашаган студенттердин талантын ар тараптан колдоо жана алардын маданий эс алуусун уюштуруу болуп саналат.

Иш-чаранын ачылышында жатакананын коменданты Анара Баяманова сөз сүйлөп, «ар түрдүү иш-чараларды өткөрүп туруу пайдалуу. Анткени иш-чараларда студенттер бири-бири менен байланышып, карым-катнаш, мамиле түзүү менен өздөрүнүн жан-дүйнөсүн байытып, ой-жүгүртүүсүн кеңейте алат» – деп, жатаканадагы мыкты деп табылган студенттерге Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланып, анда улуттук жана чыгыш элдеринин ырлары, бийлери көрсөтүлдү. Жатаканадагы студенттердин кызыктуу жашоосун чагылдырган оюндар уюштурулуп, КВНчи балдардын тамашалуу чыгармалары аткарылды.

Бул иш-чара абдан жакшы уюштурулгандыктан, студенттер мындай кечелерди тынымсыз өткөрүп туруу пайдалуу экенин айтып өтүштү.