Күч бирдикте: бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө

     29-майда университеттин башкы имаратында кыргызстандыктардын ынтымагын, биримдигин бекемдөө максатында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети «Кыргыз жолу» руханий коому менен биргеликте «Күч бирдикте: бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө» аттуу коомдук демилгечилердин жыйынын өткөрдү.

КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында элди түндүк-түштүккө бөлгөндөргө жаза көрүлөөрүн баса белгилеген.

Бул маселени калың журтка, эл арасына түшүндүрүү, талкуулоо жана жеткирүү максатында иш-чара уюштурулган.

Иш-чараны ректор, профессор Т.Абдырахманов ачып, президенттин айткан сөзүндө чындык бар экенин, бул чындык кыргыз элине аздыр-көптүр терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтып өттү. Ошондой эле «мындай коомдогу терс көрүнүштөрдөн арылуу үчүн болгон күчүбүздү жумшайлы» деп кошумчалап кетти.

Белгилүү окумуштуулар Э.Маанаев, О.Тогусаков, Т.Кененсариев, коомдук ишмер Т.Нурмамбетов ж.б. илимий докладдарды окушту.

Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынды.