И.Арабаев атындагы КМУ

КРнын ЖК депутаты Кенжебек Бокошов КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов менен жолугушту

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокошов И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов жана Лингвистика факультетинин деканы С.Мусаев менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги жөнүндө сөз жүрдү.

Маектешүү учурунда С.Мусаев кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүндө тоскоолдуктар бар экенин айтты, ал эми К.Бокошов Мамлекеттик тилди өнүктүрүү, андагы негизги маселелерди чечүү башкы милдет экенин баса белгиледи.