И.Арабаев атындагы КМУ

Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин окутуучусу Айзат Мамытова "Кош жылдыз" теледолбоорунда финалга чыкты

      Март айында университеттин деңгээлинде өткөн «Мен мугалим, сиз жылдыз» аттуу конкурста КМУнун эки кызматкери республикалык «Кош жылдыз» теледолбоорунун тандоо турунан өтүшкөн.

Алардын бири Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин окутуучусу Айзат Мамытова эле.

3-июнь күнү Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драм театрында өткөн «Кош жылдыз+пародия» теледолбоорунда Айзат Мамытова белгилүү обончу, аткаруучу, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, доцент Кадыраалы Артыков менен биргеликте сөзү Алмаш Чойбековага, ал эми обону Кадыраалы Артыковго таандык «Кыялдануу» аттуу ырды аткарды.

Теледолбоорго 14 жаштан 84 жашка чейинки курактагы республиканын ар кайсы аймактарынан келген 10 таланттуу катышуучу кыргыздын белгилүү инсандары менен бирге дует ырдашты.

Калыстар тобунун мүчөлөрү КРнын Эл артисти Бейшенбек Мамбетакунов, ырчы, аткаруучулар Айчүрөк Иманалиева, Гүлзинат Суранчиева болду.

Кеченин жүрүшүндө калыстар тобунун төрагасы Б.Мамбетакунов Айзат Мамытованын аткаруучулук жана актердук чеберчилиги, сахнада алып жүрүү этикасы, темага байланыштуу чыгарма тандаганы, үнүнүн мукамдуулугу жагынан башка катышуучуларга караганда абдан жогору экендиги, т.а. конкурстун бардык талаптарын так аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кадыраалы Артыковдун кыргыз маданиятында ат көтөргүс эмгегин, 1983-жылдан бүгүнкү күнгө чейин элине кызмат өтөп келе жаткан белгилүү инсандардын бири экенин айтып өттү.

«Бул ырды кыргыз элине таанымал акындардын бири Алмаш Чойбекова жазганын билебиз. Обону Кадыраалыга таандык. 1987-1988-жылдары кайсы бир жолугушууда Алмаш Чойбекова Кадыраалыга: «Кыялдануу» ырын мен жазганым менен, эл ырды сен аркылуу тааныды, сен аркылуу кабыл алды. Ошондуктан бул чыгарманы сага белек кылдым» дегени эсимде. Демек акындын жазган ырын обончу көркүнө чыгарып, эл арасына таанытты. Ал обончу Кадыраалы Артыков», – деди Б.Мамбетакунов.

Ошондой эле алып баруучулар Айзат Мамытовадан бул чыгарманы эмне себептен тандап алганын сураганда, ал: «Мен «Кыялдануу» ырын кичине кезимден бери эле жактырып, студеттик кезде кечелерде ырдап калчумун. Бүгүнкү «Кош жылдызда» чыгарманы жараткан К.Артыков менен бир сахнада ырдап чыкканыма абдан кубанычтамын», – деди А.Мамытова.

Долбоордун аягында, бардык катышуучулар сахнага чакырылып, 10 жуп катышуучунун ичинен мыктылары финалга тандалды. Алардын арасында И.Арабаев атындагы КМУнун Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин кызматкери Айзат Мамытова жана аны коштоп чыккан КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, обончу, аткаруучу, КМУнун доценти Кадыраалы Артыковдор эң жогорку баага татып, финалга жолдомо алышты.

Университеттин намысын коргоп, ийгилик жараткан кесиптештерибизге терең ыраазычылык билдирип, алдыда боло турган финалдык таймашта баш байгеге ээ болот деген ишеничтебиз.