И.Арабаев атындагы КМУ

Биз кыз ала качууга каршыбыз

Бишкек шаарынын борбордук аянтында 1500 ашык студент ала качууга каршы акцияга катышты.

Акцияда студенттер "Биз кыз ала качууга каршыбыз", "Ала качуу салт эмес, кылмыш" деген сыяктуу жазууларды кармап чыгышкан.  Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева ж.б. катышып, алар «ала качуу кыргыздын салты эмес, бул – кылмыш» деген пикирди айтышты.

Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева мындай акцияларды Бишкек шаарында гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында да өткөрүү керектигин айтты.

Акция концерттик шоу-программа менен коштолуп, асманга шарларды учуруу менен аяктады.