Улуу сөз калат түбөлүк, Калгандын баары күндөлүк!

             21-сентябрда  КМУнун Биология жана химия факультетинин 1-курсунун студенттери «Көк Асаба» коомдук-руханий гезитинин редактору, белгилүү журналист Кыдырмаева С.Ж. менен жолугушту. Жолугушууда «Келечекке сапар» долбоору тууралуу маектешүү болуп, анда долбоордун максаты, келечеги жөнүндө пикирлер айтылды.

             Долбоордун максаты кыргыздын баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу болуп саналат. Андан сырткары долбоордун негизинде «Көрүү», «Ой», «Сөз» деген темалар каралып, кызуу талкууга алынды.