Ректор Төлөбек Абдырахманов КМУнун 35 жылдык бүтүрүүчүлөрүн кабыл алды

   2018-жылдын 7-август күнү И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.А.Абдырахманов жана Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Ж.Т.Бексултанов КМУнун 35 жылдык бүтүрүүчүлөрүн кабыл алышты.

Бүтүрүүчүлөр 1979-1984-жылдары, ошол мезгилде В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту деп аталган окуу жайдын «Физика-математикалык билим берүү» факультетинде окушкан. Андан бери 35 жылдай убакыт өтүп, бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгү өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында үзүрлүү эмгектенип келишсе, айрымдары ардактуу эс алууга чыгышкан.

Ректор Т.Абдырахманов бүтүрүүчүлөрдү жылуу кабыл алып, тегерек стол үстүндө кызыктуу маек курду. Бүтүрүүчү эжелерибиз студенттик күндөрүн, аларга билим берген, акыл-насаатын айткан эже-агайларын эскерип отурушту. Жолугушуунун соңунда, ректор Т.Абдырахманов КМУнун 35 жылдык бүтүрүүчүлөрүн майрамы менен куттуктап, КРнын "Асылзат нуру" коомдук фонддунун төш белгисин тапшырып жатып, аларды университет менен ар дайым байланышта болуп туруусун каалап өттү.