БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ - БИЛИМ КҮНҮ

     Бүгүн И. Арабаев атындагы КМУда 1-сентябрь «Билим күнүнө» карата майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, курам башчылары, окутуучулар, алыскы Япония мамлекетинен келген өкүлдөр, биринчи курстун студенттери жана алардын ата-энелери катышты. Майрамдык иш-чара ректор Төлөбек Абдырахмановдун куттуктоо сөзү менен башталды.

«Урматтуу эже-агайлар, ата-энелер жана студенттер. Сиздерди бүгүнкү «Билим күнү» менен куттуктайм жана өзгөчө 1-курстун студенттерине, алардын ата-энелерине ыраазычылык билдирем. Анткени сиздер жогорку билимди алгачкы кыргыз агартуучусу Ишенаалы Арабаевдин ысымын алып жүргөн биздин куттуу окуу жайыбыз болгон Кыргыз мамлекеттик университетин тандап, биздин окутуучуларыбызга терең ишеним артып келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдирмекчимин. Ал эми жаңы окуу жылында университетибизде жаңы жетишкендиктер жана ийгиликтер көп болсун» – деди ректор Т.Абдырахманов.

Философия илимдеринин доктору, профессор К.Үтүев, Манастаануу институтунун директору Т.Тургуналиев, Профсоюз комитетинин башчысы Э.Шакиров жана Япониядан келген өкүл «Рилейшеншип» компаниясынын президенти Ш.Тераока мырза студенттерди куттукташты.

«Рилейшеншип» компаниясы сиздердин университет менен акыркы эки жылдан бери тыгыз байланышта иштешип келе жатат. Быйылкы жылы компания материалдык, моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында Японтаануу институтун окуу китептер менен камсыздоо үчүн 250 000 сом өлчөмүндөгү акчалай жардам бермекчи. Биз менен тыгыз байланышта иштешип келе жаткан университеттин ректору, профессор Т.Абдырахмановго ыраазычылык билдиребиз жана студенттерди майрамы менен куттуктайбыз», – деди Ш.Тераока мырза.

КМУнун бүтүрүүчүлөрү да педагогдук кесипти тандаган келечектеги заманбап адистерге өздөрүнүн кеп-кеңештерин айтышты.

Кеченин соңунда студенттер тарабынан концерттик программа тартууланды.