Чолпон-Ата шаарында өткөн КРнын IV Чемпионатында кесиптештерибиз ийгилик менен кайтышты

    КРнын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги жана спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы Чолпон-Ата шаарында КРнын 2018-жылдын IV Чемпионатын өткөрүшкөн.

Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышкан. И.Арабаев атындагы КМУнун спортчулары Баясбек уулу Бакыт жана Адылбек уулу Жакшылык аталган мелдештин эркектер арасында кум үстүндө волейбол боюнча команданын ичинде ойношуп, III орунду камсыздашкан.

Кесиптештерибизди жеңиши менен куттуктап, ар дайым ийгиликтерди багындыра беришине тилектешпиз.