И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов манасчы Назаркул Сейдракмановго КМУнун «Ардактуу профессору» наамын тапшырды

   И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.А.Абдырахманов Казакстан Республикасындагы Алмата шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Алиясбек Алымкуловду жана КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Назаркул Сейдракмановду кабыл алды.

Кабыл алуу учурунда ректор Т.Абдырахманов улуу элдин көөнөрбөс мурасын алып жүргөн манасчы Н.Сейдракмановго терең ыраазычылык билдирүү менен, И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечиминин №72 протокулунун негизинде КМУнун «Ардактуу профессору» наамын ыйгарды.

«Адамзаты үлгү ала турган улуу «Манас» эпосун муундан-муунга жеткирип, аны даңазалап келе жаткан манасчыларыбыздын эмгегин баалап жатканыңыздарга рахмат. Анткени кыргыздар гана эмес, дүйнө эли өз баасын берген эпосубузга кайдыгер мамиле кылбастан, Манастын урпактары болгон келечек муун үчүн көп аракеттерди көрүп келе жаткан Назаркул агабызга университеттин «Ардактуу профессору» наамын ыйгарып жатканыңыздардын өзү чоң сыймык. «Улуттун жүзү анын – маданиятында» дегендей, биздин маданиятыбыз өркүндөп өспөсө, улутубуздун жүзү ачылбайт. Ошондуктан манасчыларыбыздын, маданият кызматкерлерибиздин эмгегин убагында барктап калалы», – деди А.Алымкулов.

Университеттин окутуучулары Ш.Алиев, А.Шерматов, Т.Макешов жана Т.Коңурбаевдер Назаркул Эшенкуловичке каалоо-тилектерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда, ректор Т.Абдырахманов жана Окуу иштери боюнча проректор Т.Конурбаев кыргыздын ата салты боюнча манасчы Н.Сейдракмановго калпак, чепкен жаап, жылуу узатты.