Ректор Т.Абдырахманов Дене-тарбия бөлүмүнүн кызматкерлери менен жыйын өткөрдү

   И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов Дене-тарбия бөлүмүнүн кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында студенттердин сабакка катышуусу, мугалимдердин жетишээрлик деңгээлде сабак өтүүсү жана бөлүмдү №2 башкы корпустан №3 корпуска көчүрүү сыяктуу маселелер каралды.

Жыйындын соңунда, ректор Т.Абдырахманов бөлүмдүн жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берип, окуу башкармалыгы менен тыгыз байланышта болуусун өтүндү.