Мен көчмөнмүн көчүп жүрүп жашаган, Мен көчмөнмүн баба мурасын сактаган

     Кыргызстандын Чолпон-Атада шаарында болуп өткөн III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземине И.Арабаев атындагы КМУнун 100 студенти катышып келишти.

Ооз комуз, комуз жана кыргыз эл бийлерин бийлөөгө 30, конокторду тейлөө, аларга котормочулук ишти аркалап 10, ал эми айлана-чөйрөнү тазалоо, коопсуздук чараларын алдын-алуу боюнча 50 дөн ашык студент тартылды.

Дүйнөлүк деңгээлде өтүп жаткан бул иш-чарага катышкан студенттерди каржылык жактан камсыздоо, алардын коопсуздугуна көз салуу үчүн Жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкерлери Жаркын Мамбетова жана Нүргүл Отобаева куратордук милдет аткарышты.

Өлкөбүздүн намысы үчүн кызмат кылган студенттерибизге жетекчилик тарабынан ыраазычылык билдиребиз.