Дүйнөлүк тазалык күнү

    Урматтуу кесиптештер жана студенттер!

 “Дүйнөлүк тазалык күнү” (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акциянын алкагында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлүп жаткан республика боюнча ишембиликти уюштурууга жана чагылдырууга катышууга чакырабыз.

Акция 2018-жылдын 15-сентябрында дүйнө жүзү боюнча старт алат. Кыргызстан акцияга биринчи жолу кошулууда жана коомдук жерлерди таштандылардан тазалоо жана ресурстарды туура пайдалануу жана таштандыларды иштетүү аркылуу айлана-чөйрөнү сактоо максатын көздөгөн 150 өлкөнүн бири болууда.

Кыргызстандагы акциянын уюштуруучусу “Эко Деми” коомдук фонду. “Эко Деми” иш-чараны колдоого жана Кыргызстандын экологиялык абалын жакшыртууга өз салымын кошууга бардык жарандарды, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн, мамлекеттик бийлик органдарын, ошондой эле массалык маалымат каражаттарын чакырат.

Акция жөнүндө, ошондой эле ишембиликке катышуу боюнча кененирээк 2018-жылдын 10-сентябрында саат 11:00 “Кабар” маалыматтык агенттигинде өтүүчү пресс-конференциядауюштуруучулар айтып беришет.

 

Катышуучулар:

1. Айжан Чыныбаева, «Эко Деми»коомдук фондунун төрайымы,

2. Бермет Ракыбаева, «Эко Деми»коомдук фондунун волонтерлор кыймылынын лидери

3. Пол Эммет, «Let's Do It World» глобалдык экологиялык кыймылдын расмий өкүлү

учурдагы экологиялык абал, кампаниянын алкагындагы иш-чаралар жөнүндө айтып беришет жана журналисттердин суроолоруна жооп беришет.

Анонско пресс-релиз, акциянын катышуусу үчүн эскертме, ошондой эле Бишкек шаарындагы жана аймактардагы тазалоо үчүн участоктордун тизмеси тиркелет.

Пресс-конференция, ошондой эле “Дүйнөлүк тазалык күнү – 2018” күнүнө арналган акция жөнүндө кененирээк маалыматты төмөнкү байланыш телефондору аркылуу алсаңыз болот:

Телефондор: +996707877008, +996555733444,

Электрондук дарек: ecodemi01@gmail.com

Дареги: Бишкекш.,Фрунзекөчөсү429б

Социалдык тармактар:  https://www.facebook.com/PFecodemi/

                 https://www.instagram.com/eco.demi/