Мамлекеттик тилчилер КРнын мамлекеттик Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте майрамдык иш-чара уюштурушту

  Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Чек ара кызматынын 2026 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык иш-чара уюштурушкан, бул боюнча декандын орун басары Айнур Каныбекова билдирди. Иш-чараны филология илимдеринин доктору, Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Аида Эгембердиева жетектеп, студенттер Кубатбекова Чолпонай, Самудинов Бакыт, Элмирбек кызы Айдина, Нарынбек кызы Зууралар катышты.

Мамлекеттик тил болгон кыргыз тилине арналган ырлар, макал-лакаптар айтылып, оюндар уюштурулду. Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларынан чакан сценкалар коюлду. Чек ара кызматынын кызматкерлери КМУнун студенттеринин Мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде өздөштүргөндүгүнө жана алардын сүйлөө маданиятына жогору деген баа беришти.  

Иш-чаранын соңунда студенттер мекен сакчылары менен эстеликке сүрөткө түшүштү.