Улут болсом, тилим менен улутмун

   25-сентябрь күнү Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде кыргыз тилинин "Мамлекеттик тил” макамын алгандыгынын 29 жылдыгынын урматына окутуучу Жазгүл Мисеркулова жетектеген 1-курстун студенттерине «Улут болсом, тилим менен улутмун» деген аталышта ачык сабак болуп өттү. 
Алгач жалпы катышуучулар менен биргеликте мамлекеттик тил гимни аткарылып, факультеттин окутуучулары куттуктоо сөзүн айтышты.

Студенттер Эсенгул Ибраев, Шайлообек Дүйшеев, Алтынбек Исамаилов өңдүү акындарыбыздын эне тилди даңазалаган, тилибизди сактоого үндөгөн чыгармаларынан көркөм окушту. Мындан тышкары таланттуу студенттер тарабынан да тилибизди даңазалоого багытталган чыгармачылык кечеси тартууланды.