Жаштардын тилге болгон урматтоосун арттыруу - замандын талабы

     2018-жылдын 26-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Мамлекеттик тил күнүн утурлай Манастаануу институтунун окутуучусу Гүлбарчын Жумабаева даярдаган студенттердин чакан майрамдык кечеси болуп өттү.

Кечеге институттун директору Т.Тургуналиев, орун басары Т.Рысбаев жана кафедра башчысы В.Акматова катышты.

Институттун директору Топчубек Тургуналиев Тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилди жаштар арасында кеңири жайылтып, алардын тилге болгон урматтоосун арттыруу – учурдун башкы маселелеринин бири экендигин белгиледи.

«Манас» айтуу менен майрамдык кече башталып, белгилүү акындардын ырларынан көркөм окуп, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан чакан сценкаларды коюшту.

Улуттук бийлер, элдик күүлөр майрамдык кеченин көркүн ачышты. Соңунда катышуучулар «Эне тилим» аттуу чыгарманы хор аткарышты.