Гуманитардык билим берүү факультетинде «Эне-тилим – мурасым» аттуу кече болуп өттү

   26-сентябрда Гуманитардык билим берүү факультетинде болуп өткөн «Эне-тилим – мурасым» аттуу кечени Орус тили жана адабияты кафедрасынын ага окутуучусу Жумадилова Нурия Сманалиевнанын жетекчилиги астында 1-курстун студенттери даярдашкан.  

Кечеде «Кыргызстандын келечеги мамлекеттик тилинде», «Улут болсом – тилим менен улутмун», «Мекеним Кыргызстан» аттуу ырлар көркөм окулуп, элдик күүлөр, улуттук жана заманбап бийлер, күнүмдүк турмушубузда колдонулуп жаткан кыргыз тилинин абалын чагылдырган сценкалар аткарылды.  

Дубал гезиттер, буклеттер уюштурулган. Кыргыз элинин бай мурасы болгон макал-лакап, жаңылмач, көркөм окуу боюнча орус улутундагы студенттер аткарган номерлер көрүүчүлөрдүн чоң колдоосуна ээ болду. Ошондой эле 1-курстун таланттуу студенти Мусабек кызы Айнуска белгилүү акын Эсенгул Ибраевдин «Эне-тил» ырын эң жогорку деңгээлде жеткиликтүү жана уккулуктуу көркөм окуп берип, бардык меймандардын кол чабуусуна жана мактоосуна татыды.

Тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өркүндөтүүгө чакырык таштаган флеш-моб иш-чараны жыйынтыктады.