Жаш мугалим, мектеп сени күтөт

      КРнын Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Тил жана Айтматов» үч айлыгы жарыяланган.

Бул жарлыктын негизинде И.Арабаев атындагы КМУда конференция, семинар, тегерек стол, майрамдык кечелер, иш-чаралар, дубал гезиттердин кароо-сынактары өткөрүлүп жатат.

Бүгүн, 1-октябрда п.и.к., доцент Нусубалиева Элиза Шамшарбековнанын жетекчилиги астында Лингвистика, География, экология жана туризм, Экономика жана менеджмент, Биология жана химия, Физика-математикалык жана маалыматтык технологиялар факультеттеринен 130дан ашык студент Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында өтүп жаткан Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин жаңыча сахналаштырылган спектаклин көрүп келишти.

Азыркы замандын актуалдуу маселелеринин бири коомдун мугалимдерге болгон муктаждыгы. Эмне үчүн жаштар мугалимдик кесипти көп тандашпайт? Мугалимдик кесиптин кадыр-баркы төмөндөдүбү? Жаш мугалимдерге мектепте иштөөгө кандай себептер тоскоолдук жаратууда? ж.б. суроолорго доцент Э.Нусубалиева «Педагогикалык кесипке киришүү» сабагынан «Жаш мугалим, мектеп сени күтөт» деген максатта «Биринчи мугалим» спектаклин студенттерге сунуштаган.  

«Мугалимдик кесип ар дайым ардактуу. Анткени азыркы мезгилде гана эмес, оор турмуштук шарттарда, т.а. согуш мезгилинде, ачкачылык, жокчулук заманда да мугалимдер адамдын адамдык касиеттин сакталышына, оорчулукту сабырдуулук менен көтөрө билүүсүнө үйрөткөн адам. Ошондуктан жаштарды бул кесиптен алыстабай эмгектенүүсүн аталган чыгарма аркылуу көрсөткүм келди», – деди Э.Нусубалиева.

Улуу жазуучунун аталган чыгармасы театр сахнасында өткөн кылымдын 60-жылдарынан бери дээрлик коюлганбагандыктан, көрүүчүлөрдүн саны абдан көп экенин адистер айтып өтүштү. Спектакль учурунда студенттер көздөрүнө жаш алып, Дүйшөндүн образына, Алтынайдын келечектеги максаттарына суктанып отурушту.

Чыгарманын соңунда мыкты чеберчилик менен сүрөттөп берген актерлорду кол чабуу менен сахнадан узатышты.