Мамлекеттик тилдин кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоодогу мааниси

2018-жылдын 28-сентябрында М.Рахимова атындагы КЖ жана ККД институтунун жыйындар залында “Мамлекеттик тилдин кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактоодогу мааниси” аттуу тегерек отурум өткөрүлдү.

Тегерек отурумга студенттер, окутуучулар, ошондой эле И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу бөлүмүнүн башчысы, профессордун милдетин аткаруучу, т.и.к. О.Э.Капалбаевдин, Мамлекеттик тил бөлүмүнүн адиси  А.Ш. Шерматовдун ж.б. катышуусу менен жандуу аңгемелешүү болуп, мамлекеттик тилдин бир топ маселелери кызуу талкууга алынды. Студенттер, окутуучулар өз ойлорун ачык айкын билдирип, кыргыз тили жана адабияты боюнча мамлекеттик экзамен тапшыруу сыяктуу кызыктырган суроолоруна М.Рахимова атындагы КЖ жана ККД институтунун директорунун орун басары филос.и.к., доц А.Т. Самыйканов, Психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын башчысы п.и.к., доц. А.Э.Турусбековалар жооп беришти. 

Тегерек отурум жагымдуу маанайда, жандуу талкуу аркылуу, бардыгын толкунданткан  мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүн түшүнүү тууралуу кызыктуу иш-чара болгонун, мындай иштерди байма-бай өткөрүү зарылдыгын  катышуучулар белгилешти.