Агартуучуларга таазим!!!

Улуулук касиетин ыйык сактап,

Мекендин оор жүгүн алган кимдер?

Өнөрүн элге арнап тартуулашкан,

Ал биздин ак пейилдүү мугалимдер.

 

   2018-жылдын 5-октябрында мугалимдердин кесиптик майрамына карата арналган «Агартуучуларга таазим» аттуу салтанаттуу кече КМУнун башкы имаратынын чоң жыйындар залында болуп өттү.

Салтанаттуу кечени Жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкерлери уюштуруп, ага КМУнун ардагер мугалимдери, окутуучулары жана студенттери катышты.

Ректор, профессор Төлөбек Абдырахманов, Окуу иштери боюнча проректор Тууганбай Конурбаев, Мамлекеттик тил боюнча проректор Нурмамат Эсенкулов, Лингвистика факультетинин деканы Сыртбай Мусаев жана Маркетинг бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Сейталиевдер кечени ачып, мугалимдердин ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматты аркалап жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, алардын ийгиликтерине жылуу сөздөрүн арнашты.

КРнын Билим берүү министрлигинен берилген «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси жана КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде ар бир факультетте үзүрлүү эмгектенген мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты.

Кеченин расмий бөлүгү аяктаган соң, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, атайын концерттик программа тартууланды.

Мугалим – адам ишмердүүлүгүнүн бардык катмарын өзүнө камтыган сезимтал инсан, бир эле учурда философ, дирижер, уюштургуч, илимпоз, психолог болгон мугалимдердин урматына арнап, кыргыз элине белгилүү обончу, аткаруучулар жана университеттин таланттуу студенттери майрамдык маанай тартуулашты.

Кечени алып баруучулар:

Мугалимдер келечектин устаты,

Билген билет, билбегендер кээлери.

Куттуу болсун майрамыңар бүгүнкү,

Арыбаңыз! Ыйык кесип ээлери! – деген ыр саптары менен

жыйынтыкташты.