И.Арабаев атындагы КМУга ОшМУ жана ОГПИдан академиялык мобилдүүлүк боюнча студенттер келишти

     15-сентябрда 2018-2019 окуу жылынын кышкы семестрине чейин академиялык мобилдүүлүк боюнча келишимдин негизинде И.Арабаев атындагы КМУга Ош мамлекеттик университетинен жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунан 20га жакын студент келген.

Алар учурда психология, филология, лингвистика, эл аралык мамилелер, журналистика, башталгыч класстарга билим берүү, информатика, биология адистиктери боюнча 8 факультетте билим алып, университеттин жатаканасында жашап жатышат.

Университеттин ректору Т.Абдырахманов жана Окуу иштер боюнча проректору Т.Коңурбаев студенттердин жашоосу жана окуудагы жетишкендиктери жөнүндө жакындан таанышуу үчүн тийиштүү кызматкерлерге тапшырмаларды беришкен.

12-октябрда башкы имараттын конференц-залында Окуу бөлүмдүн кызматкерлери студенттерге жыйын өткөрүп, алардын окуудагы жаралып жаткан маселелерин чечүүнүн жолдорун айтып беришти.

Андан сырткары университеттин кызматкерлери жатаканага барып, студенттердин жашоосу, тиричилик шарттары менен жакындан таанышты.

Жатакананын 1-кабатында жайгашкан №99, №100, №102 бөлмөлөрүндө жалпы 16 студент жашап, аларга бардык шарттар түзүлгөн. Бөлмөдө муздаткыч, телевизор, интернет, кондиционер ж.б. орун алган.

Жолугушуудан соң кызматкерлер студенттерге кандай гана маселе болбосун байланышып, кабарлашып туруусун өтүнүштү.