Ийгилик сага, жаш калемгер Айдина!

14-ноябрда Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти, «Жаш калемгерлер» ийриминин мүчѳсү, келечектеги акын Айдина Элмирбек кызынын алгачкы поэзия кечеси болуп ѳттү.

Поэзия кечесин университеттин ректору, профессор Тѳлѳбек Абдырахманов ачып, жаш акынга ѳзүнүн каалоо-тилектерин айтты. Адабият жана аны окутуунун теориясы кафедрасынын башчысы, ф.и.д., Аида Эгембердиева, акын Тынчтыкбек нурмамбетов, Мамлекеттик тил боюнча адис Абдил Шерматов, Жаштар жана тарбия иштери боюнча проректор Мелис Оңолбаев ж.б. куттуктоо сѳздѳрүн билдиришти.

Жаш акындын алгачкы чыккан "Жарыгым" аттуу китебинин бет ачаары болуп, анда Айдина Элмирбек кызынын калеминен жаралган ырлар автордун жана тайпалаштарынын аткаруусунда көркөм окулуп, таланттуу студенттердин обондуу ырлары, бийлери жаңыртылды.

Жаш акын жана анын кичинекей окурмандары «ЭНЕ» жѳнүндѳ чыгармаларынан окуп, залдагы кѳрүүчүлѳрдүн кѳзүнѳ жаш алдырды.

Айдина Элмирбек кызы ѳзү жаш болсо да философиялык, турмуштук маанидеги мыкты чыгармаларды жараткандыгына бардыгыбыз күбѳ болдук. Айрыкча сүйүү, балалык, ата-энеге арналган ырлары жаш калемгердин жүрѳгүнѳн чыгып, окурмандын жүрѳгүнѳ жетип жатты.

Кеченин соңунда жаштар коомдук фонддорунун, «Шам чырак» китепканасынын, «Шанс» китеп дүкѳнүнүн ѳкүлдѳрү, тайпалаштары куттуктоо сѳздѳрүн айтып, белектерин тапшырышты.

Келечекте кѳптү үмүттѳндүргѳн Айдинадын кечеси абдан жогорку деңгээлде ѳттү десек жаңылышпайбыз. Анткени зал толо келген жаштар поэзиялык кече бүткѳнчѳ кетпестен, жаш калемгерди колдоп отурушту. Ѳзгѳчѳ Мамлекеттик тил жана маданият институтунун деканынын орун басары Айнур Каныбекова баштап келген жамаат улуу башын кичүү кылып таланттуу студентке колдоо кѳрсѳткѳндѳрү университет үчүн сыймык.  

Ийгилик сага, жаш калемгер Айдина!