Манастаануучулар Сагынбай Орозбаковду эскеришти. Сагынбай Орозбаков - "Манас" ааламынын генийи

     Манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына карата студенттер арасындагы илимий-тажрыйбалык конференция ѳткѳрүлдү.

Конференция "Сагынбай Орозбаков - "Манас" ааламынын генийи" деп аталып, Топчубек Тургуналиев, Талант Рысбаев жана ал жетектеген жамаат уюштурган.

 Т.Тургуналиев иш-чараны баштап, манасчынын ѳмүр жолуна кыскача токтолуп, манасчынын урматына карата ѳткѳрүлүп жаткан республикалык, ЖОЖдук иш-чаралар жѳнүндѳ, эң башкысы манасчынын гениалдуулугун даңазалап ѳттү. Кафедра башчысы В.Акматова иш-чараны уюштуруунун негизги максаты гений манасчынын касиетин ар тараптан ачып, талдап, ал тууралуу илимий баяндамаларды жазуу келечектеги манас таануучулардын алдындагы эң чоң милдет экенин билдирди.

Андан соң студенттердин илимий баяндамаларына орун берилип, жалпы 20га жакын студент баяндамаларын окушту. Алардын эмгектерине сын-пикирлер айтылып, суроо-жооп маеги улантылды. Соңунда мыкты жазылган баяндамалар тандалып алынды.