Студенттер майрамы белгиленүүдѳ

     17-ноябрь студенттердин эл аралык майрамы. «Студент» деген татыктуу наамды алып, жаңыдан турмуш жолуна аттанып, ѳз келечегинин пайдубалын тургузуу максатын кѳздѳгѳн инсандардын урматына арналган бул күн дүйнѳнүн ар бир бурчунда кызуу белгиленүүдѳ.

Алардын катарында университеттин ар бир түзүмдѳрүндѳ студенттер бул эл аралык майрамга карата маданий иш-чараларды байма-бай ѳткѳрүшүүдѳ.

15-ноябрда Лингвистика, 16-ноябрда Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультеттери жана КМУнун алдындагы колледж ѳзүнүн студенттерине билим ачкычын жана сынак китепчелерин салтанаттуу түрдѳ тапшырды.

Салтанатка жетекчилер, алардын жардамчылары жана студенттер катышты.

Бул күндүн урматын утурлай куттуктап келген эже-агайлар жаңыдан университеттин босогосун аттаган студенттерине татыктуу билим алып, тажрыйбалуу адис болуп чыгуусун каалашты.

Колледждин директору Ѳмүрбек Карымшаков куттуктоо сѳзүн айтып жатып буларга токтолду.

«Биз, окутуучулар сиздерге билим, тарбия берүүдѳ жѳн гана багыт берип, аракеттерди кѳрѳбүз. Ал эми аны кабыл алып, ѳздѳштүрүп, ѳркүндѳтүп кетүү ар бириңиздердин колуңуздарда. Балдарым, кыздарым окусун, билимдүү болсун, турмуш жолунда жаңылбасын деп кам кѳргѳн ата-энеңердин ак эмгегин текке кетирбей, студенттик күндѳрдѳ жакшы нукта пайдаланып калгыла. Адамдын ѳмүр жолунда кызыктуу мезгил студенттик кез эмеспи. Ошондуктан бул силерге буйруган күндѳрдү ары кызыктуу, ары кѳңүлдүү ѳткѳргүлѳ», – деди директор Ѳ.Карымшаков.

Кечелер студенттердин аткаруусундагы ыр, күү, бийлер башталды. Кызыктуу байгелүү оюндар кѳрүүчүлѳр менен биргеликте ойнотулду. Студенттик күндү чагылдырган чакан тасмалар кѳрсѳтүлдү жана окууда, коомдук, маданий иштерде жаңыдан ийгилик жаратып баштаган студенттерге Мактоо баракчалары ыйгарылды.

Соңунда салтка айланган билим ачкычы жана сынак китепчелери ар бир тайпа башчыларына салтанаттуу түрдѳ тапшырылды.