КРнын президенти С.Жээнбеков университеттин ректору, профессор Т.Абдырахмановго мамлекеттик жогорку баскычтагы сыйлыкты тапшырды

    23-ноябрда КРнын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович "Илим жана техника" жаатында ийгилик жараткан илимпоз-окумуштууларга жогорку баскычтагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
«Бул сыйлыктын аркасында көп жылдык мээнет, талыкпас эмгек жана уйкусуз өткөргөн изденүүлөр жатат. Бул абдан акыйкат берилген сыйлык. Мамлекет кызмат кылган жарандарынын эмгегин баалап жана сыйлашы керек.Алардын коомдогу ордун официалдуу түрдө белгилөө маанилүү. Бүгүн биз ошол миссияны аткаруудабыз», – деди президент С.Жээнбеков. 
"Өлкөнүн бүгүнкү актуалдуу маселелерин чечүүдө илимий изилдөөлөр мамлекеттик сыйлыкка татыктуу. Анткени элибиздин жашоо-шартынын жакшырышында илимий изилдөөлөр чон таасир берет. Ошондуктан баарыныздарды өлкөнүн өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымыныздарга ыраазычылык билдирем. Жаны илимий жетишкендиктерди, ачылыштарды, ден-соолук жана бактылуу жашоо каалайм» – деп, С.Жээнбеков лауреаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. 
Аталган сыйлык менен И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Абдырахманов, ректордун кенешчиси Э.Маанаев, т.и.д., Н.Курбановалар сыйланды.