ЧЫГЫШ ТААНУУ ЖАНА ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР ФАКУЛЬТЕТИНИН 20 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИНЕ КАРАТА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН КАТЫШУУСУНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ

        27-ноябрдаИ.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин чоң жыйындар залында университеттин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин 20 жылдык юбилейине карата бүтүрүүчүлөрдүн катышуусунда “Тил мейкиндиги жана Кыргызстан азыркы эл аралык мамилелердин алкагында” аттуу тегерек стол өттү.

Тегерек столдун максаты:

- Факультеттин мурдагы бүтүрүүчүлөрү  менен жолугушуу, пикир алышуу;

- Өнөктөштөр жана жумуш берүүчү тараптар менен кызматташууну чындоо;

- Студенттерди максималдуу ийгиликке жетүүгө жана кесипкөйлүүлүккө шыктандыруу;

- Факультетин имиджин көтөрүү.

Тегерек стол алкагында КР Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиеванын куттуктоосу окулуп, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректорунун баяндамасы жасалды. Ошондой эле тегерек столго  факультеттин

мурдагы жана учурдагы бүтүрүүчүлөрү,

 жумуш берүүчү тарап - тил борборлорунун өкүлдөрү,

өнөктөштөркатышып, тажрыйба алмашуу, кызматташуу жана Кыргызстандын азыркы эл аралык мамилелери, тил үйрөтүү жана аны колдоно билүү жаатында ой-пикирлер жана сунуштар айтылды.

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети 1998-жылдын 15-июлунда жогорку адистиктеги дипломго эгедер чыгыш таануучу адистерди, бакалаврларды жана магистрлерди даярдоо максатында түзүлгөн. Факультет алгач ЖЧК формасында түзүлүп, 2000-жылдын 21-декабрында И.Арабаев атындагы КМПУнун Чыгыш тилдери жана маданияты институту катары кайрадан түзүлгөн.

2005-жылдын 16-ноябрында Чыгыш тилдери жана маданияты институту Чыгыш таануу жана дипломатия факультети, 2007-жылы Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети болуп өзгөртүлүп, курамында журналистика, чыгыш тилдери, аймак жана маданият таануу кафедралары иш алып барат.

Факультеттин өзгөчөлүгү кытай, корей, япон, түрк, фарсы, араб   жана англис тилдеринин бирин  негизги тил катары үйрөтүү мененэл аралык мамилелер, аймак  таануу, журналистика, филология, котормо жана котормо таануу, коомчулук менен байланыш жана жарнама багыттары боюнча адистиктерди даярдагандыгында.