Чыңгыз Айтматов 90 жашта!

       И. Арабаев атындагы КМУнун Дүйнѳлүк тилдер гимназиясынын окуучулары да четте калбай М.В. Фрунзе атындагы музейдин эмгек жамааты менен биргеликте залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата иш чара уюштурушту. Аталган гимназияда кытай, корей, араб, түрк, япон, англис тилдери окутулгандыктан, гимназиянын окуучулары окуган тилдеринде Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлѳрдү кѳркѳм окушту. Иш-чараны гимназиянын тарых сабагынын мугалимдери Асаналиев Марат Саякович жана Бегматова Сүйүн Кайырбековна жетектешти.

Гимназиянын 11-классынын окуучулары Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналып даярдалган кереге гезитти презентациялашты.

И.Арабаев атындагы КМУнун дүйнолүк тилдер гимназиясынын күчү менен даярдалган дүйнѳ жазуучусу, философу, залкар инсаны Ч.Айтматов атабыздын чыгармаларынан үзүндү адабий кечесин тартуулашты.