Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган ЖОЖдор аралык «Магистр Cup» интеллектуалдык таймашы болуп өттү

Иш-чаранын уюштуруучулары: И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасы, “Билим майдан” студенттик-магистрлик илимий-чыгармачыл клубу, И.Арабаев атындагы КМУнун магистратура бөлүмү.

Бул иш-чаранын максаты:Жаштарды билим алууга, интеллектуалдык чыгармачылыкка кызыктыруу жана аларды командалык жана жекелик таризде акыл-эс, ой жүгүртүүчү тапшырмалар менен иштөөгө үйрөтүү, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу билимдерин ар тараптан байытуу, ошону менен биргеликте башка жогорку окуу жайлардын студенттери менен И.Арабаев атындагы КМУнун байланыштарын арттыруу.

Аталган интеллектуалдык турнирге Бишкектеги ЖОЖдордун студенттери курамы 5 адамдан турган 30 команда катышты.

Катышуучуларга КМУнун ректору, профессор Т.А. Абдырахманов сөз суйлөп, ийгилик каалады. КМУнун администрациясы бул иш-чараны материалдык жактан толук колдоду. 

Таймаш группалык жана финалдык эки этаптан турду. Катышуучу командалардын санына жараша таймаш эки лигага: “A” “B”га бөлүнүп өз-өзүнчө жүргүзүлдү.

Республиканын 12 жогорку окуу жайларынан: И. Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-Түрк Манас университетинен, КММА, МУИТ, Ислам университети, БГУ, КУУ, Тоо-кен, Юр Академия, Кувейт университети, Ала-Тоо университети, КУУнун пед колледжинин студенттери бул таймашка активдүү катышты. Финалга КММАнын “Белла Дона” жана МУИТттин “Биримдик” командалары чыгышты.

Таймаштын кубогун жана дипломун, Ч. Айтматовдун 10 томдук китебин Кыргыз-турк "Манас" университетинин “Ойчулдар” командасы утуп алды. Команданын ар бир мүчөсүнө жеңүүчүнүн медалын КМУнун Илимий иштер боюнча проректору Э.Ж. Каниметов тапшырды.

2-орунду алган МУИТтин “Биримдик” командасына  диплом жана Ч. Айтматовдун китептери, Кыргыз драма театрындагы Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” драмасына билет белекке берилди;

3-орунду камсыздаган КММАнын “Белла Донна” командасына диплом жана Ч. Айтматовдун китептери белекке берилди.