Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата кол өнөрчүлүк жана сүрөт өнөрү боюнча көргөзмө-сынак

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик  университети 12-декабрда  Ч.Айтматовдун  90  жылдыгына карата кол өнөрчүлүк жана сүрөт өнөрү боюнча жатаканада жашаган студенттер  арасында  көргөзмө-сынак өткөрдү.

Сынак  салттык, нравалык-маданий кайталангыс баалуулуктарды эске алып, таланттуу студенттердин шык-жөндөмүнө  баа берүү менен алардын чыгармачылык потенциалын, интеллектуалдык деңгээлин өнүктүрүү жана көмөк көрсөтүүнү көздөп, жатаканада жашаган студенттер  арасында  илимий, маданий кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулду.

Иш-чара КМУнун Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректоруОңолбаев Мелис Бекболовичтин катышуусунда өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө ректордун грамота, сыйлыктары тапшырылды.

Сүрөт өнөрү боюнча

1-орун Райымкулов Кудайбергенге,2-орун Калил уулу Толкунбекке, 2-орун Бешкемпирова Алтынкызга,2-орун Камчыбеков Эдилге, Эмилбеков Даниярга, 3-орун Эсиркеп кызы Гүлнурга, 3-орун Бактыбеков Каримге ыйгарылды.

Кол өнөрчүлүк боюнча 1-орун Асылбек кызы Гүлнурга, 2-орун Өскөнөва Фаридага 3-орун Жасанова Аймээримге ыйгарылды.