Жогорку окуу жайлар аралык «Мараги» конкурсу

Жогорку окуу жайлар аралык “Мараги – чечендик чеберчилик” конкурсу бул жылы 16-жолу өткөрүлдү. Негизги максаты – кыргыз жана корей мамилелерин чыңдоо, Кыргызстанда корей тилин жайылтуу жана жогорку окуу жайлардагы корей тилин окуган студенттердин оозеки сүйлөө чеберчилигин баалоо болуп саналат. Конкурска атайын конок катары Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Корей тилин окутуу борборунун директору Мин Жэ Шик, Кыргызстандагы корей окутуучуларынын ассоциациясынын президенти Ким Чанг Сок чакырылган.

КонкурскаИ.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-корей колледжи, Юридикалык академия, К.Карасаев атындагы БГУ, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус славян университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен  жалпы  24 өкүл  катышышты.

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинен:

  1. Байматова Фарида (2-курс) гр. МО-2-17
  2. Акылбекова Бермет (1-курс) гр. МО-2-17
  3. Касымова Надин (2-курс) гр. ПП-2-17
  4. Арапов Алимбек (3-курс) гр. Рг-3-16 катышып,

Жыйынтыгында– Акылбекова Бермет – кызыктыруучу сыйлыкка,  

                                   Арапов Алимбек  -   3-орунга,

                                   Байматова Фарида -  1-орунга ээ болду.