И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин студенттери ‒ «Айтматов таануу» интеллектуалдык радио таймашынын жеңүүчүлөрү

Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз радиосу университеттер арасында «Айтматов таануу» интеллектуалдык радио таймашын уюштуруп, 17-декабрь күнү жыйынтыктады. Таймаштын финалдык оюнунда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 3-курсунун студенттери Кыргыз Улуттук университетинин студенттери менен таймашып 1-орунга ээ болушту.

«Айтматов таануу» таймашы 29-октябрданбаштап ар дүйшөмбү күнү Кыргыз радиосунунтүз эфиринде берилди. Таймашка И.Арабаев атындагы КМУ, Ж. Баласагын атындагы КУУ, К. Карасаев атындагы БГУ, Эл аралык Кувейт университеттеринен жалпы 16 тайпа катышты. Тайпаны курамы 3 студенттен турат жана шарты боюнча 3 турду камтыйт.

1-тур: Айтматовдун чыгармаларынан көркөм окуу

2-тур: Айтматовдун өмүр чыгармачылык жолу тууралуу эки тайпага бештен он суроо

3-тур: Айтматовдун чыгармаларынан эки тайпага бештен он суроо

Таймаштын шарты боюнча ар бир эфирге экиден команда чыгып, жеңгени кийинки турга жолдомо алып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө 1-орунга Ч. Айтматовдун 10 томдугу, 2-орунга «Окурмандын китеп текчеси» 10 томдугу, 3-орунга З. Сооронбаеванын 7 томдугу берилип, 1-2-3-даражадагы дипломдор тапшырылды.

1-даражадагы диплом менен И.Арабаев атындагы КМУнин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери: Нарынбек кызы Зуура, Элмирбек кызы Айдина, Камчыбекова Табихат сыйланышты.

Ошондой эле таймашка жигердүү катышкандыгы үчүн И. Арабаев атындагы КМУнин алдындагы МТМИнин 2-тайпасы мактоо баракчаларына арзыды.

Кыргыз радиосу таймаштын өткөрүүгө кошкон салымы үчүн И. Арабаев атындагы КМУнин ректору Т.А. Абдырахмановго жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун жамаатына ыраазычылык катын тапшырышты.