Сүйүнчү!!! И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин туңгуч гезити – «Арабаев пресс» жарык көрдү!!!

Урматтуу Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек жамааты, урматтуу студенттер, бүгүндөн баштап куттуу окуу жайыбызда көптөн бери көпчүлүктү кызыктырып күттүргөн “Арабаев пресс” аталышындагы жаңы гезитибиз жарык көрүп баштады. Гезит университетте эмгектенип жаткан жалпы эле агай-эжелерге, студенттерге арналмакчы. Окуу жайыбызда болуп жаткан кызыктуу маалыматтарды, жаңылыктарды, ийгилик жетишкендиктерибизди буга чейин университеттин сайтынан эле окуп билип келген болсоңуздар, мындан ары эми гезиттен да окуп биле аласыздар. Гезит азырынча айына бир жолу жарык көрөт. Кадырлуу эмгек жамаат, студенттер, илимий- публицистикалык макалаларыңызды, жан дүйнөңүздөн оргуштап, көкүрөгүңүздө бугуп чыккан ыр- аңгемелериңиздер болсо токтоосуз бизге алып келиңиздер. “Арабаев пресс” гезити сиздер менен кызматташууга дайым даяр. Биз сиздерди күтөбүз.