Университетте заманбап китепкана жана жыйындар залы курулууда

Жыл жаңыраар алдында университетибизде аткарылып жаткан дагы бир жакшы жаңылыкты сиздер менен бөлүшкүбүз келди.  

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы окуу корпусу жайгашкан короодогу бир топ убакыттан бери пайдаланууга берилбей, убактылуу жабык турган мурдагы окуу корпусу азыркы тапта кайрадан жаңыланып, тагыраак айтканда  заманбап шарттагы заңгыраган эки кабаттуу имарат болуп курулуп жатат.

Аталган имаратты тендерден уткан  “Нур-Строй-Групп” аталышындагы  курулуш компаниясынын куруучулары курууда. Компаниянын билдиргенине караганда курулуш иштери март айында аяктамакчы. Курулуш иштери аяктаары менен жаңы корпус пайдаланууга берилет. Жаңы корпуста университеттин борбордук китепканасы жана жыйындар залы жайгашмакчы.