И.Арабаев атындагы КМУнун студенттери КРнын Президентинин стипендиясы менен сыйланышты

25-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мыкты студенттерди президенттик стипендия менен сыйлады. Президенттик стипендия ар бир жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерине окуудагы жана коомдук турмуштагы жетишкендиктери үчүн берилет. Бул жылы 69 стипендиат аталган сыйлыктын ээлери болушту. Алардын арасында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдыңкы студенттери да бар. Алар:

Улан Жумабек уулу – Э. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин 4-курсунун студенти

Асел Жаныбаева – Лингвистика институтунун 4-курсунун студенти

Чолпонай Кубатбекова – Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 4-курсунун студенти

Бектурсун Абдылдаев Турдубаевич – Мамлекеттик тил жана маданият институтунун 4-курсунун студенти

Урматтуу сыйлык ээлери! И.Арабаев атындагы КМУнин жалпы жамааты Сиздерди алган сыйлыгыңыздар менен куттуктайт, Сиздерге окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктерди, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Биз Сиздер менен сыймыктанабыз!