«Инсан-Кыргызстан» журналы Жылдын мыкты ректорун аныктады

«Инсан-Кыргызстан» журналы тарабынан калк арасында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча өлкөнүн билим берүү жана илим тармагынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн И. Арабаев атындагы КМУнин ректору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов «Жылдын мыкты ректору» наамы менен сыйланды.

Урматтуу Төлөбек Абылович! Сыйлыгыңыз куттуу болсун! Сиздин сыйлыгыңыз,университеттин сыймыгы! Сизге бекем ден соолук жана ишиңизге албан-албан чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!