Ректор, профессор Т.Абдырахманов «Мирас» университетинин жана К.А.Ясави атындагы казах-түрк университетинин ѳкүлдѳрүн кабыл алды

   Бүгүн, 8-февралда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов Казакстан Республикасынын Түркестан областына караштуу Шымкент шаарында жайгашкан «Мирас» университетинин жана Түркестан шаарында жайгашкан Кожо Ахмет Ясави атындагы казах-түрк университетинин ѳкүлдѳрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар университеттер аралык академиялык мобилдүүлүк (бакалавр, магистратура, профессордук-окутуучулар курамы) боюнча келишимдерге кол коюп, андан сырткары илимий-изилдѳѳ иштери боюнча бирдиктүү долбоорду түзүү, иш алып баруу ж.б. маселелерди сүйлѳштү.