«Арабаев пресс» гезитинин кезектеги жаңы саны жарык кѳрдү

Окуу – түн алдындагы шам чырак,

Билим алсаң маңдай ачык жаркырап…

    Урматтуу кесиптештер жана биздин сүйүктүү студенттер! И.Арабаев атындагы КМУнун «Арабаев пресс» гезитинин кезектеги №002(02) жаңы саны жарык кѳрдү.

Бул санда ректор, профессор Т.Абдырахмановдун университеттин эр жүрѳк, намыска бек мырзаларын Ата-Мекендик коргоочулар күнүнѳ карата куттуктоосу, Лингвистика факультетинин деканы С.Мусаевдин «Президенттин колунан «Манас» орденин алышым, урмат-сыйга арзышым мен үчүн чоң сыймык», Биология жана химия факультетинин деканы М.Чоровдун «Декан кафедра башчылары менен кеңешип, калыс иш алып баруусу зарыл» деген аталыштагы макалалары, КМУнун «Ардактуу профессор» наамын алган инсандар, студенттердин жетишкен ийгиликтери жарыяланган.  

Гезиттин башкы редактору Мирлан Алымбаевдин айтуусуна караганда, «Арабаев пресс» гезити айына бир жолу чыгып, окуу жайда болуп жаткан жагымдуу кабарларды, кесиптештердин, эже-агайлардын жана студенттердин маектерин, макалаларын, ырларын ж.б. жарыялап турмакчы.

Урматтуу кесиптештер жана биздин сүйүктүү студенттер! «Арабаев пресс» гезити менен байланышып, жагымдуу кабарларыңыздарды биз менен бирге бѳлүшүңүздѳр!