Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Мелис Онолбаев тажикстандык кыргыз студенттери менен жолугушту

    27-февралында тажикстандык этникалык кыргыз студенттери менен “Ворисони Рудаки” коомдук бирикмеси жана “Этникалык кыргыздар ассоциациясынын» жетекчилери менен жолугушуу болуп ѳттү.

Жолугушууда алгач сѳз Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Онолбаев Мелис Бекболовичке берилди. Ошондой эле «Ворисони Рудаки» коомдук бирикмесинин жетекчиси Зарипов Хасан жана “Этникалык кыргыздар ассоциациясынын» жетекчиси Исмаилов Жавлонбек студенттер менен таанышып, пикир алышты. Жолугушууда КМУда билим алып жаткан этникалык кыргыздардын абалы, максаттары жѳнүндѳ кеңири маалымат алышты.