Келечектеги тарыхчылар арасында билим таймашы өтөт

    “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУда “Билге” билим таймашы өтөт. Таймаш Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлмөкчү. Саамалыкты Арабаев университетинин  “Билге” студенттик уюму уюштурууда.

Билим таймашында кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча суроолор камтылат.

“Билге” билим таймашынын максаты: жаштарды элибиздин тарыхына кызыктыруу, үлгү-өрнөк алууга үндөө, келечекте кыргыздын чыгаан атуулу болушу үчүн ар бир улан-кыз элибиздин тарыхын билүүсү зарыл экендигин эске салуу, жаштардын улуттук аң сезимин жогорулатууга өбөлгө түзүү.

Таймашка катышуу эрежеси:

Ар бир университеттен 4 студенттен турган 1 топ түзүлүшү керек;

2019-жылдын 9-мартына чейин каттоодон өтүшү керек;

Топтун аталышы, топ башчысы (таанытым белгилери сынактын шартында жок, упай берилбейт);

Катышуучу студенттердин аты-жөнү, телефону;

Зачеттук китепчесинин көчүрмөсү, окуган жеринен аныктама (справка, сүрөтү менен).

Таймаш кыргыз тилинде өтөт.

Күнү: 2019-жыл, 12-март саат 12.00 башталат (каттоо 11:30да).

Байланыш телефондору: 

Чыңгызхан: +996 707 815 381

Алтынбек:  +996 701 484 919

Дареги: И. Раззаков көчөсү, 51А.

И. Арабаев атындагы КМУнун башкы корпусунун чоң жыйындар залы.