Гүл ордуна күлкү сунабыз

   7-март күнү университеттин Ч.Айтматов атындагы чоң жыйындар залында «YOU SMAILE»командасынын жигиттери Нурсултан Генжебаев, Элдияр Набиев, Зулкайнар Абдилаким уулу, Бек Паттаев жана Примберди Жолдошевдер эл аралык айымдар майрамына карата «Гүл ордуна күлкү сунабыз» аттуу оюн-зоок жеке концерттик программасын тартуулашты.

Концертте жигиттер ар түрдүү темага импровизациялоо, берилген суроолорго күлкүлүү жооп берүү, атайын даярдалган интермедиаларды коюу жана башкаларды аткаруу менен кѳрүүчүлѳрдүн купулуна толду.

Ѳзгѳчѳ аткарылган номер Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук драм театрда ѳткѳн 14-февраль «Сүйүү күнүнѳ» арналган кечеде тамашоунун негиздѳѳчүсү Эрмек Нурбаев КМУнун эки студентине сертификат тапшырган. Бул эки жашты конок катары келген Э.Нурбаев сахнага чакырып, каалоо-тилектерин билдирди.

Ошондой эле белгилүү эстрада ырчылары, тамашоучу жигиттер концерттик программаны коштоду.

Тамашоунун негиздѳѳчүсү Эрмек Нурбаев буларга токтолду. «Мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүнү кѳздѳгѳн бул долбоор ѳзүнүн ишин келечектүү алып барууда. Бүгүн жигиттер тарабынан мыкты оюндар элге тартууланды. Сиздер мындан ары да алдыга умтулуп, элибизге алгылыктуу кызматтарды аткарып жүрѳ бериңиздер. Алга Кыргызстан! Алга Тамашоу! Алга Арабаев!», – деди Э.Нурбаев.

Жигиттер кѳрүүчүлѳрү менен бирге эстеликке сүрѳткѳ түшүп, тамашоуну жыйынтыкташты.