Урматтуу эже-агайлар, кесиптештер жана биздин сүйүктүү студенттер! И.Арабаев атындагы КМУнун «Арабаев пресс» гезитинин кезектеги жаңы саны жарык кѳрдү.

         Урматтуу эже-агайлар, кесиптештер жана биздин сүйүктүү студенттер! И.Арабаев атындагы КМУнун пресс-кызмат бѳлүмүндѳ жарык кѳрүп жаткан «Арабаев пресс» гезитинин кезектеги №003(03) жаңы саны жарык кѳрдү.

Бул санда ректор, профессор Т.Абдырахмановдун университеттин айымдарын 8-март эл аралык майрамына карата куттуктоосу, жатаканадагы студенттердин күнүмдүк турмушу, акын, обончу К.Жакыповдун аялзатына арнаган ырлары, студенттердин лирикалык чыгармалары жана акыркы айда университетте болуп ѳткѳн жагымдуу кабарлар жарыяланган.  

Гезиттин башкы редактору Мирлан Алымбаевдин айтуусуна караганда, «Арабаев пресс» гезити айына бир жолу чыгып, окуу жайда болуп жаткан жагымдуу кабарларды, кесиптештердин, эже-агайлардын жана студенттердин маектерин, макалаларын, ырларын ж.б. жарыялап турмакчы.

Урматтуу кесиптештер жана биздин сүйүктүү студенттер! «Арабаев пресс» гезити менен байланышып, жагымдуу кабарларыңыздарды биз менен бирге бѳлүшүңүздѳр!