8- март майрамыңыздар куттуу болсун!

     Ардактуу, кесиптеш айымдар, студент кыздар! Жаркырап жайнап келе жаткан жаз майрамы – 8-март –Аялдардын эл аралык майрамыңыздар менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан жалпы мырзалардын атынан чын жүрөктөн куттуктайм. Ушул күнү биз ар качан адамзаттын көркү болгон айымдарыбызды даңктайбыз. Жаратканыбыз аялзатына дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен. Сиздердин жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, үмүт билигин узартып, келечекке ишенимиңди арттырат. Кыргызстандын эли ар качан аялзатына - энеге, эжеге жана очоктун ээсине өзгөчө аяр мамиле жасаган жана жасап келет. Бүгүнкү учурда медицинада, билим берүүдө  эмгектенип жаткандардын басымдуу бөлүгүн аялзаты түзөрүү талашсыз. Мына ушул эки оор кесипти аркалап, талыкпай эмгектенип келе жатканыңыздар өзгөчө баалоого арзый турганын  баса белгилегим келет. Сиздердин активдүү  иш аракетиңиздер менен университетибиз башка жогорку окуу жайларынан кем калбай, барган сайын жакшы ийгиликтерге жетишип, кадамыбыз алгалоодо. Сиздердин мындай тынымсыз аракетиңиздер өлкөбүздүн эртеңки келечеги болгон бүгүнкү студенттерибиздин кепилдиги.  Сиздер бир эле иште эмес,  үй-бүлөнү чыңдоого жана бала тарбиялоого, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымыңыздар чексиз. Сиздердин колдооңуздардын аркасы менен өлкөбүздө жакшы саамалыктар жаралып, ар бир үй-бүлөгө бакыт кушу коноору талашсыз. Аялдарга туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, акылгөйлүгү жана түшүнүктүүлүгү үчүн терең таазим этебиз. Сиздерге чың ден соолук, зор бакыт-таалай, жаркын маанай каалайм жана ойлогон оймаксатыңыздардын ишке ашышына тилектештигимди билдирем!

Урматым менен И. Арабаев атындагы

Кыргыз мамлекеттик университетинин

ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович