Келечектеги тарыхчылар Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата билим таймаш өткөрүштү

    «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын» алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата И. Арабаев атындагы КМУда “Билге” билим таймашы өттү.

Таймаш Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлүп, жалпысынан 27 команда катышты.

Иш-чараны Илим иштер боюнча проректор Эмил Каниметов жана Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова баштап, ѳз сѳзүндѳ тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду.

«Биздин факультеттин окутуучусу Чынгыз Амантуровдун «Билге» билим таймашы ѳзүнүн ишин ийгиликтүү алып келе жатат. Бишкек шаарындагы 30 га жакын орто, жогорку окуу жайлардан 50дѳй команда жана 150 ашык орто мектептерден 33 команда билим таймашына катышып, республикалык деңгээлдеги иш-чаралардын даражасына чейин кѳтѳрүлдү. Уюмдун жетекчилигине, студенттерге терең ыраазычылык билдирем жана албан-албан ийгиликтерди каалайм», – деди декан Н.Курбанова.

Саамалыкты И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин “Билге” студенттик уюму уюштурган. Уюмдун жетекчиси Чыңгыз Артуров уюм тууралуу буларга токтолду.

«Билим таймашы ар ай сайын ѳткѳрүлүп, жыл соңунда жыйынтыгы чыгарылат. Командаларга берилген суроолордун дээрлик кѳпчүлүгү кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы боюнча камтылган.

“Билге” билим таймашынын максаты: жаштарды элибиздин тарыхына кызыктыруу, үлгү-өрнөк алууга үндөө, келечекте кыргыздын чыгаан атуулу болушу үчүн ар бир улан-кыз элибиздин тарыхын билүүсү зарыл экендигин эске салуу, жаштардын улуттук аң сезимин жогорулатууга өбөлгө түзүү биздин негизги максат», – деди Ч.Артуров.

Соңунда уюштуруучулар жеңүүчүлѳрдү Ардак грамота жана атайын кызыктыруучу белектер менен сыйлады.