Профессор В.Мусаева №5 УКГда педагогикалык практиканы өтөп жаткан студенттер менен жолугушту

   Педагогика факультетинин окутуучусу, профессор Венера Мусаева Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназияда педагогикалык практиканы өтөп жаткан 2-3-курстун студенттеринин ачык сабагына катышып келди.

Сабактан тышкары маданий иш-чараларды активдүү уюштуруп, мектептин коомдук иштерине чыгармачылык менен катышып жаткан студенттердин эмгектерине күбө болуп, аларга жол көрсөтүп жаткан КРнын Эмгек сиңирген мугалими Р.Жаанбаевага, №5 УКГнын 40 жылдык тажрыйбасы бар мугалим Г.Асанкадыровага, №5 УКГнын 39 жылдык тажрыйбасы бар мугалим И.Көкөевага ыраазычылык билдирди.