Манас таануу институтунун студенттери “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков менен жолугушту

14-мартта Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Манас таануу институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда учурдагы саясий абал, билим берүү тармагындагы көйгөйлөр жана оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланып, фракция лидери Алмазбек Баатырбеков студенттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Бабалар мураска калтырган Манас эпосу өңдүү элдик дастандарды кийинки муунга калтырууга ар бир кыргыз жараны аракет көрүүсү керектигин белгилеген Алмазбек Баатырбеков: “Көчмөн турмушта жашаган кыргыз эли көз кубанткан көркөм сепил кура албаса да, сөз багып, кептин кенин казып улуу дастандарды жараткан. Ошол кеп казынабызды бөксөртпөй сактап калуу баарыбыздын милдетибиз. Айрыкча, элдик оозеки чыгармачылыгыбызды өнүктүрүүдө сиздер окуп жаткан Манас таануу институтунун мааниси жогору”, – деди.  

Муну менен катар учурдагы саясий-экономикалык жагдайга токтолгон “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын ийгиликтүү жыйынтыкталышы үчүн талыкпаган эмгек жана убакыт талап кылынарын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда депутат Алмазбек Баатырбеков аталган институттун окутуучуларына жана алдыңкы студенттерине Манас эпосу боюнча китептерди белекке берди.

Булак: Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы